Либерализм (лат. liberalis - эркиндик, эркиндикке караштуу) – саясий маданияттын башаты, коомдук турмуштун, индивиддин саясий-экономикалык, системалык нравалык багыты. Тар маанисинде либерализм – мамлекеттин аз кийлигишүүсү астында эркин конкуренция, рыноктук механизмдерди сактап калууга умтулган либералдык партиянын саясаты. Либерализм идеялык негизин түзгөндөр:
Ушул шарттардын комплекси конституционализмди түзөт. Конституционализм системасы:
Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин либерализм көп касиеттерин жоготкон. 70–80-ж. консенсустун бузулушу, глобалдык проблемалардын күчөшү либерализмди өзгөрүүлөргө дуушар кылды. Либерализм айрым принциптерин өзгөртүп, ыңгайлашууга туура келип жатат – жаңы неолиберализм либерализм агымдын пайда болушу байкалууда.
"Саясат таануу: энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү.Асанов, жооптуу редактор: А.Акунов. Бишкек - 2004. ISBN 9967-14-011-9